АЗЫР БАЙПАК ЖАМАЛБАГАН ЗАМАНДА ЖАШАП ЖАТАБЫЗ...
Балдарды ыраазы кыла албагандын айынан суицид көбөйүп кетти. Анткени алардын каалаганын берип өстүрдүк. Эми каалаганын бере албай калдык....
А-А дегенин МАА деп кармата бербеңиз. Илгери чоңу кийген же колдонгон нерсени кичүүлөрү колдонуп, алардан артса бөлө-жээндерге кетчү. Азыр эки балаңа эки нерсе, үч балаңа үч нерсе алмайынча жаның тынбайт. Бир нерсени бөлүшүп ойнобой, бир-бирине сеники-меники деп мээримсиз болуп жатат.
Мурдалары 4 бөлмөлүү үйдө 14 киши чоңойгон болсо, азыр 4 кабаттуу үйдө 4 киши жашап жаткан заманга кабылдык... Баатыр энелердин тушунда аристон, холодильник, ванна, кухня, стиральная машина керек болсо свет болгон эмес...