Учурда жашап жатабыз,
Баарына назар салабыз.
Башталгыч чекит барбы деп.
Терең бир ойго батабыз.
Ааламды Аллах жараткан,
Анда бир мыйзам катылган.
Өзүнөн өзү айланбайт,
Жер шары нукка салынган.
Тоолорду тиреп асманга,
Тамыры жердин алдында.
Ойлонтот мындай абалы,
Табышмак болуп адамга.
Жылдыздар жанат асманда,
Жашынып алат таңында.
Ай менен күн да алмашат,
Бул дагы таандык Аллахка.
Суунун да укмуш сыры бар,
Кышында музга айланаар.
Кайнаса ысык очокто.
Буулана турган мыйзам бар.
Буудайды эксек дан болот,
Кампага талкан, ун толот.
Тандырга салып бышырса,
"Лепешка" деген нан болот .