Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Бул бешик сатылбайт, анткени азыр жок. Биз болгону мекендешибиздин жумушун сиздер менен бөлүшүп койдук. Жөнөкөй бешиктер жакында келет буюрса.
Жаш ойлоп табуучу табылгам энелердин түйшүгүн аз да болсо жеңилдетсе деп кыялданат. “Келечектин бешиги” кандай болушу мүмкүн? Тимур Үсөн уулу бешиктин түбүнө микрафон орноткон, үн чыкса, ал аркылуу бешик термеле берет. Оюнчук машинанын кыймылдаткыч механизми, иштен чыккан телевизор, радионун тетиктери. Бул жабдыктар аркылуу бешиктин макети эки айда даяр болду. Бирок дагы жасалчу иштер бар. Бешик үн чыкпай калса эле токтоп калат. Андыктан Тимур бешиктин термелүү убактысын узартуу үчүн мугалими менен чогуу иштеп жатат.