ТҮЙҮЛДҮК ЭНЕНИН КУРСАГЫНДА УКМУШТУУДАЙ 7 НЕРСЕНИ ЖАСАЙТ
Жатында жаткан кичинекей түйүлдүк мындай нерселерди жасаарына ишенбейбиз бирок, илим аныктагандай түйүлдүк ичте жатып баарын билип-туюп, ал тургай, ыйлап, күлүп, тамак да жейт экен. Баарынан кызыгы баласынын эмне кылып жатканын энеси билбейт. Себеби, эне өзү кыйналып, жүрөгү айланып, тарамышы түйүлүп, алы кетип жаткан учуру болот. Ал эми ичтеги наристенин кылык-жоругу апта сайын күчөй берет.
Тамак ичет
Кош бойлуу аял тамак жегенде ичиндеги баласы да тамак жейт. Айрым даамдар амниотикалык суюктукка айланып балага барат. Апасынын сарымсак, имбирь, балмуздак, торт жеп жатканын түйүлдүк эң сонун билет. 15 жумага толгон түйүлдүк а