Эң жөнөкөй жакшы келип үйүмө,
Эң бир жакшы сөздөр келип тилиме.
Эсесине көтөрүлүп маанайым,
Эселенип жаңыланса дүнүйө.
Мени алкап мактоо сөзүн айтпасын,
Мени жатка жамандашып сатпасын.
Менин ошол адамдарга тилегим,
Менин ошол жашоодогу максатым.
Оорута албайм орой сүйлөп дос көөнүн,
Урата албайм бийик турган дос чебин.
Досум мага кастык кылса өз эрки,
Мени душман кыла албайт досторум.
Болор балким көңүл калуу, таарынуу,
Болор балким жаз тайып жаңылуу.
Бир жүрөктөн сүйүп, сыйлап урамттап,
Бир жүрөкө батыра алам баарыңы.
Дайма ачык жапыс үйдүн эшиги,
Дайым менде кек сактоо эмес, кечирүү.
Кубанууда сунуш кылам үйүмөн,
Кур дегенде нан ооз тийип кетүүнү.
Жарды эмес жүргөн адам жок сурап,