Сагыныч
Сагынып бир көрүүгө жамалыңды,
Алыскы сапарымдан шашып келем.
Жол катар нечен жайыт артта кылды
Ат-Башым сенче эмес койну кенен.
Акырын жылжып агып бал булагың,
Эритип бир далайды жуткургандыр...
Баягы мен кой жайган жашыл бетиң,
Дагы да көзгө толуп кулпургандыр...
Тескейден жылкы чубап, кой чуркурап,
Таң эрте шаңга толуп тургандырсың...
Төрүңдө аңкып,атыр жыт буркурап,
Быйыл да,түрдүү гүлүң сунгандырсың...
Сызылган,каршы-терши ат жолдоруң,
Күткөндүр тентек баскан издеримди...
-Койчуман ырчым кайтып келдиби?-деп,
Куштардан салам айтып, издедиңби?
Баратам үмүтүңдүн актап четин,
Кучак жай баягыдай коктуң толо.
Жазданып Чеч-Төбөңдү тынч уктайын,
Өзүңө мурункудай шерик боло.
Жетейин