БАЙЛЫКА БАЙЛАНБА.
Башыңды буруп баштыка
Байланып калба байлыка
Байлыктын түшүп түбүнө
Бүлүктү салба үйүңө
Бадалдуу айыл ичинде
Балдарың жүрсүн кичине
Барды,жокту түшүнүп
Бышып калаар өзүнө
Байлыгың жаман ушундай
Байланган бакыт кушундай
Байкабай калсаң капыстан
Байлыктан качкын алыстан
Билимиң болсо башыңда
Бийлик да сенин колуңда
Билбестик кылып жүрбөгүн
Бакытты издеп күйбөгүн
Бакыт болот исламда
Башыңды койуп саждага
Байланыш кылып намазга
Батаны кылып жүргүн
Бактылуу өмүр сүргүн.
Автор: Темирбаева Д.