Урматтуу мекендештер!
Сиздерди «Бир Бол» парламенттик фракциясынын жана өзүмдүн атымдан Ыйык Рамазан айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм!
Улуу Рамазан айы жалпы мусулман калкын сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө, биримдикке үндөп, жалпыбызды мээримдүүлүккө, боорукерликке чакырып, коомубуздагы айрым жат көрүнүштөрдөн арылтат.
Бул күндөрү бири-бирибизге кайрымдуу болуп, жан дүйнөнүн аруулугуна ниет буруп, үй-бүлөбүзгө, жакындарыбызга жалаң гана жакшылык каалайбыз.
Кармаган орозоңуздар кабыл болуп, ак тилегиңиздер, алдыга койгон максатыңыздар орундалсын! Жүрөгүбүздөн ыйман оту өчпөй, Жараткан элибизге ынтымак, ырыскы ыроолосун!
Терең урматоо менен,
“Бир Бол” парламенттик фракциясынын
Лид