Кана, мени карачы, сен бүгүн эмне башкача болуп келдиң жумуштан?
– Сага телефон чалсам эмнеге албадың?
– Элдин күйөөлөрүнүн баары жумуштан эрте келет экен...
Жарым жылдан бери аялымдан укканым ушул. Өзүндө да бар болсо керек, тегин жерден өрт чыкпайт деп ойлойт болушуңар керек. Бирок ыймандай сырымды айтып жаткандан кийин силерге кантип калп айтайын? Аялымды сүйүп, артынан чуркап жүрүп алгам. Наргизада мага керек болгон, аялдан талап кыла турган нерселердин баары бар. Акылдуу, келбеттүү, сулуу, мыкты кожейке, балдарыма мээримдүү апа. Болгону кыялы чатак жана өзүмчүл. Мурун деле бар эле мындай кыялы, бирок кийинки учурда балдар менен отуруп калган үчүнбү, укмуш кызганчаак болуп чыга келд