МЕРГЕНЧИНИН СЫРЛАРЫ
11- БӨЛҮМ
Бир калыбынан жазбаган убакыт өз нугунда өтүп, жашоо менен күрөшкөндөргө демейдеки эле жарыгын чачып, демейдеки эле насибин энчилеп, кашкайган сулуу таң сүрдү. Асманга да, жерге да, көлгө да, деңизге да таң муруту чачырап, демейдеки эле тирүүлүк жышааны башпакты.
Турсунбек адатынча сыртка чыкты да, таңкы чыкыроондон жазганып, анча алыс баспай жакын жерге тура калып даарат сындырды. Шыркыраган заарасы аппак карга сиңип кетип жатканын көрүп, бала кезин эстеди. Анда эмне бала да, жок эмне экенин билген эмес. Ал турсун тамак аш кайдан келет, ага акылы жете элек кези эмес беле. Эми минтип тоо арасында жалгыз жашап, болгон дити бир гана тамак таап жеш жана сууктан к