Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
32 жаштагы Ажибек Жамырзаев менен 29 жаштагы Арафат Шерматова Кара-Балта шаарына 8 жыл мурун көчүп келишкен. Жубайлар Оштун Чоң-Алай районунун тургундары, алар кошуна айылдарда чоңоюшканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып беришти.
Жубайлардын экөө тең 7 балалуу үй-бүлөдө өсүшкөн. Арафат бир туугандардын ичинен кичүүсү болсо, Ажибек алтынчысы. Алар баш кошконго чейин бири-бири менен сүйлөшүшкөн эмес. Себеби үй-бүлөлөрү динди бекем кармаган. Ажибек Арафаттын үй-бүлөсү менен таанышып, андан кийин куда түшүшкөн.