Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Эми эгер жаным кыйналбасын десең Кошбаевди аткандар тууралуу эмнени билсең бүт айт. Калп айтып жашырып жабам деп ойлобо. Антсең өз убалың өзүңө. Адендин бул жерге жеткичекти жолдо карата ойлогону ушул суроонун жообу болчу. Кандай да болсо эптеп жооткотор жооп таап жанын арачалоого далбастап көрүү керек деп чечкен. - Эми түшүндүм. - Түшүнүгүң жаман эмес көрүнөт. Эмесе кулак сенде. Тигил кекээрлүү какшыктады. - Менин бул жерде жашыра турган эч нерсем жок. Анткени, болгону ортомчумун. Мени бирөөлөр түрткөн. Эмне деп сүйлөштү да. Кимге барышты да ошолор үйрөткөн. Силердин кимдер экениңерди билбеген сыяктуу эле. Алардын кимдер экенүн билбейм. Балким, органдандыр же