Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Чачы буурул тартып, мүнөзү коюуланганда минтип секелек кызды сүйүп калам деп ойлобоптур Чоро. Ырас, далай сулуунун түшүнө кирген жигит эле кезинде. Бирок, алардын бирине да минтип бүлүнгөн эмес. Ийнеликтей кызды бир көргөндө ааламына чок түштү да, анан ал акырындап жалынга айланды. Алгач көргөн күн күнү бүгүнкүдөй көз алдында. Ошол күнү жумуштан чыгып мединститутта лекциясы жок болсо да негедир бара кеткиси келди. "Үйгө барганда эмне, андан көрө Жунуштар менен кобурашып пиво ичип отуралычы" деген ойдо барган. Кирип баратып топ кыздын залга туруп алып каткырып жатканын көрүп кыжырлана "ай, ушу азыркы жаштар" деп ичинен силкинип алды. Чоронун Жунуштун эшигин тартып, бек экенине