Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Атам Алайчиев Сыдык жокчулуктун, жетимдиктин шорун жакшы эле тарткан. Анан ошол учурдагы турмушун атам Сыдык бала кезинде эле мындай деп ыр м.н айткан:
Ата-энемден айрылып
Агада жүрдүм жети жыл
Пешенем тердеп иштесем
Эмгегиме пул бербейт
Өгөй женем курусун
Колума бүтүн нан бербейт
Шор барбы мендей жетимде
Ый-кайгым турду алкымда
Жокчулук түшбөй жонумдан
Жетимдик алып желкемден
Жыртыгы бүтбөй тонумдун
Ыраактап ырыс мен келдим
Он алты пада бакканмын
Ошентип ыйлап, кыйналып
Ырчылыкты тапканмын...
Атам Сыдык Алайчиев бир аз сылтбп басчу. Эмне үчүн сылтып басканын "майып болгондо"-деген ырында мындай деп сүрөттөп ырдаган:
Алдап салып коюптур
Айтылуу күчтүү палбанга
Турган экен арманда
Айлантып туруп как жерге
Урган экен өзүмдү
Аш пышып убак өтүптүр
Аран кирдим дарманга
Он бутумдан айрылып
Ошондо болдум шарманда
Карс эткенин сөөктүн
Калктын баары угуптур
Саяпкерге көргөзсөм
Сакайбайт өндүү деп айтты
Дарыгерге көргөзсөм
Даба жок деп кеп айтты
Маазирет эле ырдашым
Мындайды билбей кам башым
Менмендик кылып ошондо
Майып болгон жамбашым
Жыйырманчы жылдардын аягында эле атам Сыдык Алайчиев ырчылык өнөрүн аркалабай мугалимдик кесипке өтүп кеткендиги кызык.
Өзүнүнырларынын бирөөндө ал мындай дейт:
Ал кезде жап жаш бала элем
Акындар менен басканмын
Ырым менен басмырлап
Бирөөгө жаман айтбадым
Көөнүмө жакбай негедир
Ырчылыкты таштадым
Мугалим болуп балдарга
Сабак бере баштадым
Атам Алайчиев Сыдык жокчулуктун, жетимдиктин шорун жакшы эле тарткан. Анан ошол учурдагы турмушун атам Сыдык бала кезинде эле мындай деп ыр м.н айткан:
Ата-энемден айрылып
Агада жүрдүм жети жыл
Пешенем тердеп иштесем
Эмгегиме пул бербейт
Өгөй женем курусун
Колума бүтүн нан бербейт
Шор барбы мендей жетимде
Ый-кайгым турду алкымда
Жокчулук түшбөй жонумдан
Жетимдик алып желкемден
Жыртыгы бүтбөй тонумдун
Ыраактап ырыс мен келдим
Он алты пада бакканмын
Ошентип ыйлап, кыйналып
Ырчылыкты тапканмын...