Көздөрү шишигенче ыйлаган Каныкей ,өзүнө ачуу өлүмдү каалап , өзүн өзү өлтүргөнү чоң каналга боюн таштайм деп чуркап бара жаткан эле....
Каныкейдин чачы узун,келбети сулуу болгону менен акылы кыска болчу. Албетте өзүн өзү өлтүрөм дегендик акылынын көптүгүнөн кабар бербейт эмеспи. Динден батыш менен чыгыштай алыс эле. Үстүндө үйү, астында унаасы, кымбат-кымбат кийимдерди кийип койкоюп басып, өз жигитинин колунан кармап,тамактануучу ,эс алуучу жайларда журуп өмүр сүрүүнү бакыт деп билчу. Ата-энеси кызын тамак-аш, кийим менен камсыз кылышканы менен ,адеп-ахлак ,тарбия деген нерселерди берүүнү унутушкан эле. Каныкей эми гана он сегиздин эшигин ачып,мектепти да жарытпай,эптеп аяктаган