Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Аял менен эркек физиологиялык жактан эле эмес, психологиялык жактан да айырмаланат. Экөө эки башка ой жүгүртөт, эки башка кабылдайт дегендей. Бул нерсени тастыктоо үчүн алардын көзгө баса урунган айырмачылыктарын байкап көрөлү.
Эркектер аялдардын жашоосунда биринчи эркек болгусу келет. Аялдар болсо эркектин жалгыз жана кайталангыс сүйүктүүсү болууну каалайт.
Аялдар бир эле эркектен көп нерсени талап кылат. Эркектер болсо бир эле нерсени көп аялдан каалайт.
Аялдар ден соолугу үчүн ар убак кооптонсо да эркектерге салыштырмалуу эки эсе аз оорушат. Ошондуктан эркектерге караганда 7-15 жылга көп жашашат.