ЫЗАА
Баардыгынан ыйык мен, бийик койдум,
Балдагына жүрөктүн тийип койдуң.
Тизе бүгүп, кызганып, кулап жатып,
Тизмеңизден тизмеми чийип койдум.
Кызгантпаңыз деп далай өтүндүм мен,
Кылганыма а бирок өкүндүм мен.
Дүйнө жүзү сиздей кең болбосо да,
Дүйнөңүздөн дүйнөмү көчүрдүм мен.
Өмүр сен бүтүнүмдү жарып кеттиң,
Өзөгүмө суук түшүп карып кеттим.
Сейрек гана кездешчүү адамымдан,
Сезимдерди бүт жыйып алып кеттим.
Мен кеттим жыргаңыз, ырдаңыз да,
Мен барак, сиз калем сынбаңыз да.
Кыялдарым не болсо ошо болсун,
Кызганычка чыдайбайм, кызганычка.
Мени изиңе сүрдөткөн кадам элең,
Мен билгенден кол тийгис адал элең.
Чөнтөгүнө жүрөктүн эбак түшкөн,
Чөйрөмдөгү маанилүү адам элең...
Баардыгына