Ыйла, жүрөк
Туталанбай, тунжурабай, тумчукпай,
Ыйла жүрөк, не турасың унчукпай?!
Азабыңды жамгыр кылып төгүп сал,
Асманыңда калбаш үчүн күн чыкпай!
Өксүк менен өрттөй бербей жанды бу,
Өткүнгө айлан – өтсүн, кетсин бардыгы!
Өкүнүчтү көз жаш менен жууп сал,
Өзөгүңдөн өчсүн күйүт алдыгы!
Мистейбечи, таштай катып турбачы?
Чачыраба, бырчаланба, сынбачы?!
Билемин, оор! Бирок сенден суранам,
Оорубачы, андан көрө ыйлачы!
Ушунча жыл жер үстүндө думана,
Болдум эле, болдум канча убара?
Аруулукту мына таптым деп турсам,
Ылай сүртүп кетишиптир буга да...
Ж.И.
“Бир үзүм от” (китеп)