Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Түркиянын сулуусу белгилүү актрисаларынын бири Бергюзар Корель 1982-жылы Стамбул шаарында актёрлордун бүлөсүндө жарыка келген. Бала чагы Түркиянын Улус шаарында өткөн. Ата-энеси белгилүү актёрлор болгондуктан ал чыгармачыл чөйрөдө чоңойгон. Ошондон улам Бергюзар мектепти аяктаганда өзүнүн каалоосу менен Синан университетинин актёр бөлүмүнө тапшырат. Студент кезинде эле кыска метраждуу фильмдерге тартылып, театрда чакан эпизоддогу ролдорду ойногон. Жеке жашоосу ⠀ Бергюзар 2006-2009-жылдары “Миң бир түн” сериалында башкы каарман Шахрезаданын ролун жараткандан кийин аты алыска тарап белгилүү болгон. Анда популярдуу актёр Халит Эргенч менен чогуу роль ойногон. Сериалагы түгөйү Халит экөөнүн ор