КУТМАН КЕЧ
Өттү бир күн, ырыскыңды тут жаным,
Көөнө көркүн таза абадай жут дагы.
Кызгылтым кеч -- кызыл көйнөк кийген кыз,
Өмүрүмдүн гүл убагы, кутманы.
Кечке кандай иш бүтүрүп келдим деп,
Не максатка деги бүгүн жеттим деп,
Ойго салып, коштошоордой туюлат,
Бүгүнкү күн эртеңкиге кеттим деп.
Түн көшөгө аздан кийин жашырат,
Көркөмүңдү, Ай шооласы чачырап.
Таңуулайсың өмүр азын, санаалар
Ууктурат, уйкуну да качырат.
Кечтен кийин эле эмне таң атса,
Түн кирбесе, жарык Күндү каратса.
Өмүр жармын уктап өткөн өңдөнөм,
Аны ойлосом Ай чалыштайт баратса.
Өттү бир күн, ырыскыңды тут жаным,
Көөнө көркүн таза абадай жут дагы.
Кызгылтым кеч -- кызыл көйнөк кийген кыз,
Өмүрүмдүн гүл убагы, кутманы.
Авт