НЕГЕ, НЕГЕ
Билгизип бул өмүрдүн белектигин,
Жүрөкө тартып сүйүү элестерин.
Ээлепсиң жан дүйнөмдү бүтүн бойдон,
Үйрөтүп кантип сүйүү керектигин.
А бирок үйрөтбөпсүң аттиң мага,
Өзүңсүз күндүн ачуу белестерин.
Үйрөтүп ашыктыктын аруулугун,
Билгизип махабаттын таттуулугун.
Жарк этип жайнап көңүл ээлептирсиң,
Эстетип өткөн күндүн барктуулугун.
А бирок үйрөтбөдүң неге мага,
Сүйүүнүн жан чыдагыс ачуулугун.
Үйрөтүп бал сезимдин жылуулугун,
Айтчу элең ашыктыктын сулуулугун.
Көзүмдөн сүйүп койуп эркелетип,
Сездирдиң кол жеткисим улуулугуң.
А бирок эскертедиң аттиң неге,
Күтүүнүн узактыгын, уулуулугун.