БАЙЛАР НЕГЕ МЕРЕЗ?:
Омар Хайямдан сурашты:
-Эмне үчүн кедей жашагандар, бай адамдарга караганда ак көңүл болушат, байлар болсо өзү менен өзү болуп эле жүрө беришет?
-Сен мобу айнектин сыртын карачы, эмнени көрүп турасың?
-Эшикте балдар ойноп жатышат, дарактар бүрдөй баштаптыр.
-Эми бул күзгүдөн карачы, эмнени көрүп жатасын?
-Өзүмдү гана көрүп турам...
-Көрдүңбү, бул экоөөсү тең эле айнектен жасалган нерселер.Бирок, бирөөсүнүн артына бирааз эле күмүш сүртүп койгону үчүн сен ал жерден өзүңдү гана көрүп калдың.
Адам баласы да өз жашоо чыйырында колуна биртке акча тийгенде көзүн «май басып», заматта кечээ эле көңүл бурган адамдардан жүзүн буруп, өзүнөн башка өзгөнү көзгө илбей калаары а