КҮНДҮЗҮ ЖЫЛДЫЗДЫ КИМ КӨРӨТ?
Бир адам ыймандуу кызга үйлөнөт. Кыз абдан такыба болгондуктан, абдан көп ибадат
кылат эле. Ар дайым күйөөсүнө көңүл буруп, анын оюндагысын айттырбай аткарып турчу.
Күйөөсүнүн кийимин жууганда Аллахты эстеп, зикир менен жуучу. Тамак бышырганда даарат
менен, Куран окуп бышырчу. Күйөөсүнө жасаган ар бир мамилесинде Аллахты эстеп турчу. Адал тамак, таза жашоо күйөөсүнүн зээнин ачып, күндөн күнгө жашарып, күч-кубатты аша берет. Алгач аялынын такыр тазалыгына ыраазы болуп, ага жакшы мамиле жасаган күйөөсү, кийинчерээк аялына анча көңүл
бурбай, өзүн андан өйдө сезе баштайт. Кээде аялына жаман сөздөрдү да айтып жиберчү болот. Бирок, аялы ага мурдагыдай эле жакшы
м