КУДАЙЫ КОНОК.
Күндөрдүн биринде бир адам түш көрөт. Түшүнө бир периште кирип ага: "Эртең сенин үйүңө Алладан конок келет. Жакшы даярданып тосуп ал", - дейт. Ойгонуп кеткен ал адам кубанганынан аялына түшүн айтып: "Бул - бир жакшы аян. Алла бизге чоң бакыт берет экен, буйруса. Мартабасы өтө жогору болгон бирөө келсе керек, Кудайым Өзү жиберип жаткандан кийин", - деп, дароо конок камын көрө баштайт. Аялы үйүн тазалап, тамак-ашын белендейт. Ал адам кийиминин жакшыларын тандап кийип, конокту күтүп калышат. Ошол учурда эшик тыкылдап калат. Сүйүнгөн бойдон эшик ачкан адам алдында турган тилемчини көрөт да, ачуулана: "Кет бул жерден алыс! Мен өтө кадырлуу конок күтүп жатам", - деп эшикти катуу жаа