ТАБЫПТЫН АРМАНЫ
===============
Жети атасы тамыр кармап, чөп берип, май майлап өткөн табып болуптур. Ал дабасын таппаган кесел, ал шыпаа кылбаган дарт болбоптур.
Кайсыл ооруга дары болорун чөптөр өзү ага айтып турчу экен. Не бир пенделердин өмүрүн узарткан шо кишинин жалгыз туягы да Алланын амири менен бир касалга туш болот. Бул чөпкө барат, “балама эм болосуңбу” дейт, “жок” дейт ал, ого барат, буга барат, эч бир чөп “уулуңдун оорусуна мени мындай кылып ичир” деп айта албайт. Баланын ыраңы күндөн күнгө саргайып, заарасы чыкпай, ичин басып, онтоп, озондоп кыйнала берет. Табып чөптөргө жалдырайт, миң кыл дары чөптөр анын качат. Акыры бала болбой калат, атасы ыйлап-сыктап, туяк калтырар жалгыз