Шайтандын азгырыктары🌪!!! Шайтан Алла Таалага күнөөкөр болуп куулгандан кийин, адам баласын азгыруу мүмкүнчүлүгүн сурап алган. Ошол күндөн баштап Кыяматка чейин ал адамдарды азгыруу менен алек болуп келе жатат. Алла Таала пенделерди азгырууга шайтанга уруксат берип, ошол эле учурда пенделерге шайтандан сактануунун жолун да үйрөткөн. Шайтан пенделерди ар кандай жол менен азгырарын кабар берген. Анын пенделерге душман экендигин айткан. Куранда шайтандын аты аталган 88 аят бар. Бул аяттарды Алла Таала бизге үлгү, кайрылуу, эскертүү, кайтаруу, баяндоо, буйрук иретинде айткан. Буларды окуган адам шайтандын бардык айла-амалынан кабардар болуп, анын азгырыгынан сактана алат. Анда эмесе мына ошонд