ЭСТЕ МЕНИ
Сүйлөшкүлө, көңүл сүйүп атканда,
Сыйлашкыла, жүрөк кагып атканда!
Сырдашкыла, таарынычтар тарасын,
Же сагынып, арзып, өңдөн азганда!
Ансыз деле жашоо жалган, өмүр аз!..
Сен өзүңдү качан жалгыз сезгенде,
Кайгы тартып, санаа-убайым чеккенде,
Эсте мени, же болбосо бакытың,
Кучагыңа батпай кеткен кездерде.
Качан болсо бармын сенин жаныңда,
- Барсыңбы? – деп күмөнсүбө эч жерде.
Эсте мени, жүрөк аста сызылып,
Көңүл кирдеп, ак барактай тытылып,
өзүңө-өзүң сыйбай турган кездерде,
Кенен дүйнө бир ууч болуп кысылып,
Жетем учуп канаттарым сабалап,
Эсте мени, жүрөгүңө чыкырып.
Ж.И.