Бир киши уулуна:
«Сенден эки суранычым бар:
* Биринчиси - мен өлгөндө бир бутума эски байпагымды кийгизүүнү унутта калтырба.
* Экинчиси болсо - мына бул оозу жабык катты мени көмгөнгө чейин ачпа, көмгөндөн кийин ачып оку», - деп осуят керээзин айтат.
Мезгили келип, атасы көз жумат.
Кепендеп жатышканда уулу атасынын керээзин эстеп:
«Атама сөзсүз эски бир байпак кийгизүүбүз керек», - дейт.
Имам:
«Болбойт, динибизде өлгөн адам кепенден башка нерсе менен бирге көмүлбөйт», - дейт.
Баласы канчалык көндүргөнгө аракет кылат, бирок, эч майнап чыкпайт.
Көмүү иштери бүткөндөн кийин уулу атасы калтырган оозу жабык катты ачып окуй баштады:
«Уулум! Көрдүң го, ошончолук мал-мүлкүм