"Сен мага сүйүүң болду түшүнүксүз" Сен мага сүйүү бердиң түшүнүксүз, Сезимдин түбөлүккө түшү бүткүс. Кареги соолуп жаткан карыядай, Картаят жай артынан күтүлүп күз! Сен мага күйүт бердиң бир үмүтсүз, Себелеп жамгырындай жүгүрүпсүз. Тиккендей болдук эле бакыт гүлүн, Тигинтип куурап барат күбүлүп күз! Жаз эле саамайыңдын төгүлгөнү, Жаз эле кара чачың өрүлгөнү. Ажарың ачып турган ак жүзүңдөн, Ачылган кызыл гүлдөр көрүнбөдү. Табышым дүйнөдөгү, өмүрдөгү, Таң агым каректери көзүндөгү. Кайгыдан шамды жагып үмүт болсо, Кайрадан кыйын болду өчүргөнү. Сөзүңө тура албай кете бердиң, Жеңил ой, максатыңа жете бердиң. Күз келип жалбырактар түшкөн сайын, Күн сымал күүгүмүнө жетелендиң. Өзүнчө айла таппай б