Досту таптым сыйды билип ийилген,
Душман таптым дос терисин кийинген.
Айырмасын андап билип алардын,
Аста кадам жасап калдым кийин мен...
Жакшылыкта жандап баары коп журду
Жасалмасы далай конул чоктурду...
Кээ бирлери кыйын кундо табалап,
Кемчилигим чукуй берип остурду...
Чыйыр жолу болор менин бактымдын ,
Чын достордун ак журогун жактырдым,
Ичи кондой, пейили тар, жасалма,
Ит досторду Кудайыма тапшырдым