АК ЖАМГЫР...
Төкчү жамгыр,төкчү жамгыр көнөктөп,
Басылбачы жаай түшчү нөшөрлөп.
Тамчыларың бүт денеме тарасын,
Токтобочу дага жаачы нөшөрлөп.
Жаачы жамгыр,жаачы жамгыр суу кыла,
Күткөн элем сени чындап буулуга.
Көкүрөктө!толуп турган кусамды,
Жууп салып,келечеке үн ула.
Басылбачы нөшөрлөгөн калпыңан,
Басынтпачы ойлорумду калкыган.
Токтобостон жаай берип,бет ылдый,
Бир муңумду, жууп салчы катылган.
Жаай бергин!токтобостон ак жамгыр,
Жаалданып,токто деген жан бардыр.
Сенин мага бир тамчың да керемет,
Капа болбой!төгө бергин ак жамгыр.
Кайгы муңга,матып калган бир тагдыр,
Кайраттанып,жаай бергин ал кадыр.
Тамчыларың! тамып жатып жүрөкө,
Бир муңунан жууп салчы ак жамгыр.
Тамчыларың!тийип жа