СААТТЫН БООСУ ЖАНА ТАРАК
Күйөөсү аялы абдан кедей жашачу. Бирок, башка тартса бутка, бутка тартса башка жетпеген кедейчилик алардын ынтымакчылыгын буза алган жок. Алар абдан ынтымактуу жашоо кечирчү. Бир түнү аялы күйөөсүнө эркелей карап: Чачым чатышып аябай жүдөп кеттим, мага бир тарак сатып бере аласыңбы?- деп суранып калды. Күйөөсү оор үшкүрүп: Бир аз сабыр кыла тур, ал эмес саатыма боо ала албай жүрөм, - деп жооп кайтарды. Акылдуу аял сөзүн экинчи кайталаган жок. Жубайлар өз ойлору менен көпкө алпурушуп жатып уктап кетишти. Эртеси эрте менен күйөөсү жумушка кетти. Түшкө чейин жумушун бүткөрүп, шашып-бушуп базарга барды да, жарыбаган акчага боосу жок саатын сатып, жакшынакай тарак сатып