Дем алыш күндөрү мечитке кетип калам, ар жумада. Ошол жерде отуруп, китеп окуп, илимдүүлөрдүн сөздөрүн угуп, руханий азык алганга бир аз да болсо аракет болот. Ошентип ар барган сайын кольцевой линиядан чыгып, подземкадан өтүп жатып бир бүжүрөйгөн орус бабушканы көрөмүн, кичинекей кружканы кармап алып, нанга тыйын сурап турат. Байкушка көңүл бурган адам аз. Ойлоп койом, ушул азыр магазинге кирип бир баштык продукта сатып чыгып берип койсомбу деп, анан дагы ичи тардык кылып кете берем. Бүгүн да ошентип өтүп баратып, шаурма саткан күркөдөн, карта менен төлөсөм болобу деп сурасам, болбойт деди, кете бердим. Дагы ушул кемпирге жардам бербей өтүп кеттим деп өкүнүп кете бердим.
Мечитке жете бериш