Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Ноокенде белгисиз себептерден эс-учун жоготуп, жыгылып, ооруканага жеткирилген окуучулардын саны 30га жетти
Ноокен районунун Тоскоол айылындагы мектептин 30 окуучусу белгисиз себептерден улам эс-учун жоготуп, жыгылып ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу аталган мектептин дене тарбия мугалими Анарбек Оморалиев бүгүн, 13-майда SUPER.KG порталына кабарлады. Анын айтымында, окуучулардын эмне себептен жыгылганы дагы да белгисиз. “Кечээ менин сабагым 11:30да бүттү. Саат 12:00дөр чамасында кеткем. Жанагы окуя саат 13:30 чамасында башталыптыр. Бир окуучу башы айланып, тарамышы түйүлгөн адамдай болуп жыгылып калыптыр. Жанындагы башка окуучулар анын колдорун укалап,