Элүү жашыңда көп нерсе өзгөрүп кетет экен. Жашоону кайра баштап жаткандай болосуң.
Болгондо да чыныгы жашоо келет экен да.
1. Эч нерсеге шашпайсың. Иштер жасалса да, жасалбаса да маанисин жоготпойт. Анткени, андан жашоо толуп же кемип кетпесин билесиң.
2. Ким бирөөнүн сөзү сага эч кандай таасир этпейт калат. Жакшы сөз уксаң да, жаман сөз уксаң да күлүп эле коесуң. Анткени, эч биринин сөзүнө ишенбейсиң.
3. Башка бирөөнүн оюна мурдагыдай каршы чыгып, нерв болбойсуң. Баарына макул боло аласың, бирок, өз билгениңди гана жасай бересиң.
4. Жок дагы, бар дагы сени ойлонто албайт. Жок болсо табаарыңды билесиң, көп тапсаң, эртең жоголоорун да билесиң.
5. Эч кимди өзүңдөн бийик да, кем да көрбөйсүң.