Ак Розалар арманым...
Толук түрдөгү чыгарма.
Бүгүн мен үчүн жашоо караңгы болгонуна толук 7 күн толду. Жетинчи күн өзүмдү- өзүм жыйнап жолдошум деп аккан көз жашым кургап баштаганда, кайрадан каректерим жашка толду. Анткени анын себеби "Ак Розалар" эле. Анда окуя башынан болсун.
Жумуштан чыгып бараттым. Көчөдө кыш, көңүлүмдө жай. Түнкү саат бир үйүмө мына-мына жеткени калганда кайдан-жайдан балдар келип мени унаага чыныртып салып кетишти. Ыйлап чыдай албай калдым. Мени кайдадыр алып барып зордуктап салышты. Жашоого болгон үмүтүмдүн баарын сындырышты. Жигиттерге болгон көңүлүм таштай катып,муздай тоңду. Жигит болбой куруп калгыла деп башка түйшүк салганы үчүн каргап-каргап алдым. Жыргалг
Ө М Ү Р БИР К Е Л Е Т.
( - 17 - )
Султандын чоо - жайын билбей эле эне кургурдун жүрөгү туйлап, канча жакшылыкты тилесе да тынчы кетип, үй - жайын Нуржаннатка дайындап, Даркан шаарга келгенине эки күндүн жүзү болду. Экинчи күн кечке жуук гана Султандын жашаган үйүнө аны тааныган бир бала ээрчитип барды. Ал бала да эмнегедир жер карап, көмөкөйүнө бир деке тыгылгансып жутунуп, мукактанып, Даркандан көзүн алып качып, бир деке айтчудай болуп, айталбай буйдалганын Даркан сезип калды.
- Балам, жаткан жериндегилер билбейбиз деп койду.
- Билишет,айтышпады да- деп күнөөлүүдөй жер карап.
- Эмнени,эмнени айтышпады? Султанга...
Бала бурулуп баса берем дегенде Даркан биле
Ө М Ү Р БИР КЕЛЕТ.
( 15 тин уландысы)
Күнү - түнү тынбаган базар тирилиги, анын шарында аралашкан түркүн адамдар бири бири менен иши жок. Ар ким өз арабасын алынча тартып, бары барман менен жогу арман менен. Султанга окшогон башына тапса бутуна жетпегендер канча. Андайдын саны көбөйсө көбөйүп эле жатат азайган түрү жок. Улам көйгөйдөн көйгөй артып, элдин жону жукарып, аштык тапса баштык таппай, самаган ойлору кыялга айланып, өлбө жаным өлбө деп, үмүтсүз жашоого байланып, жашоодон жарык издегендер канча. Ошол жарык издегендердин бири Султан. Күнүмдүк тыйынга зор үмүтүн байлап, килейген чоң арабаны сүйрөп келери кечке иймеңдеп тынбайт. Кээде кара күчкө толо элек жан