Анатай Өмүрканов агайдын керемет ырын сиздерге сунуштайм.
АЯЛДЫ СҮЙ
Бирөө мурун дем алган деп абадан,
Сен дем албай кое албайсын эч качан.
Менден мурун бирөө муну өпкөн деп,
Өппөй басып кете албайсын аялдан.
Көпкө узабай көз жумасың абасыз,
Так ошондой тагдыр күтөт аялсыз.
Аргасыздан моюнуңду сунасың,
Моюн толгоп кетүүгө али жан алсыз.
Абадан жут! Каалаганча канганча,
Аялды сүй акыл-эстен танганча!
Акмакчылык келбей коюу өмүргө,
Менден мурун жашаган деп жан канча...
Аба азайбайт көбөйөт дем алгандан,
Өпкөн сайын өң өзгөрөт адамдан.
Келесоолук келберсиген аялды,
Өбүшкөн деп беттен өөп калбаган.
Дагы дем ал! Абадан жут канганча,
Дагы аял сүй! Акыл-эстен танганча!
Сенден мурун аны эч ким
Суротунду жиберчи кулуп турган...
Сага деген журокто тунуп турган.
Нурлуу жузун кайгымды унуттурган.
Келчи жаным жузунду бир коройун.
Сагындым го жузунду кулуп турган.
Сезесинби сен менин абалымды,
Кулап тушкон жандаймын бийик кырдан.
Отуномун, кубантчы, бир иш жаса,
суротунду жиберчи кулуп турган.
Жузун кээде элестеп тербетилген,
Айланайын колдогу келбетинен.
Коп барамын колго мен коромбу деп,
Бироо журсо мен аны сен деп билем...
Сени ойлоп кыйналып турса жаным,
Элестетем жузунду ай бетинен. Айга карап,колдон издеп чарчадым,
Жолуктургум келет эми жер бетинен...
Кимдир бирөөнүн көңүлүн катуу ооруткан болсоңуз.Бир нерсени унутбаңыз эртеби-кечби бир күнү сиздин да көңүлүңүздү кимдир бирөө оорутат.Себеби эч бир нерсе жоопсуз калбайт.