ЭХ, БЕКЕР...
Аттиң ай… кайран сезим тебеленген,
кайран мен сени айланып, чебеленген.
Негедир эңсөөм ташыйт сага тынбай,
баарысын айтып бергим келе берген.
Мисалы, көңүл кокус жылыганда,
болбосо кусалыкка буулганда.
Калдактап, айнек сүзгөн куштай болом,
кайдигер суз жоопко урунам да.
Билемин сен деп боздоп бүтөрүмдү,
билемин «сүйбө» десең күчөөрүмдү.
Билбеймин кантип сүйбөй коюшту мен,
билбеймин сенден нени күтөрүмдү.
Сагыныч бүтпөйт билем сага болгон,
санаалар кала берет санаа бойдон.
Издеген күнгө кейийм мен өзүңдү,
ишенип жомокторго бала болгон.
Эх, бекер сүйөмүн деп жалдырапмын,
эх, бекер тарттым башын аргымактын.
Мен сага көрүнбөгөн көптүн бири,
мен сага күзгү бир тал жалбыракмын...