Миялылык Токоров Азамат инибиз жакшы пикир жазыптыр!
Оштон Бишкекке жөнөгөндө Отуз-Адырдан өтүп, Садирбайга жеткенде оң кол жакка кирип кеткен таш жол бар. Ошол жол менен жүрүп отурсаң Эшме, Казак уулу, Орто-Мечит айылдарынан өтүп, Миялыга барасың. Бул Миялыга барчу жалгыз жол эмес, эгер Оштон Эркеч-Тамга карай жүрсөң, анда Кара-Тайдын как ортосунан солго кирип кеткен жолду көрөсүң. Маширап-Сайдан өтүп, Ак-Жар, Орто-Мечитти аралай жүрүп Миялыга жетсең да болот. Миялы — агын суусу жок болсо да тал-терек, алма-өрүк өскөн, жогорку Миялы, ылдыйкы Миялы деп шарттуу бөлүнгөн кичинекей айыл. Андагы адамдар ак көңүл, меймандос, чыныгы кыргыз пейил инсандар. Илгери мектеби сегиз жылдык эле. Сегизди б