Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Чычырканактын пайдасы жана колдонуу ыкмалары Чычырканак витаминдерге жана микроэлементтерге бай күзгү мөмө. Анда 3,5% кант, ошондой эле С, В1, В2, фолий кычкылы, РР, К, Р жана Е, каротин, темир, бор, марганец сыяктуу пайдалуу элементтер бар. Чычырканак жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоодо кеңири колдонулат. Адистердин айтымдарында, аны ар дайым жеп жүрсөңүз - инфаркт жана инсульт ооруларынын алдын алууну шарттайт. Анткени, чычырканактагы С витамини жүрөк булчуңдарын бекемдөөдө кызмат кылат. Эгерде күнүнө 50-100 граммдан чычырканак жесеңиз, организмиңиздин С витаминине болгон бир суткалык муктаждыгын канааттандырган болосуз. #25