Күн сайын жол каратат күтүү мени,
Күч-кубат болуп мага сүйүү деми.
А бирок тагдыр башка болуп кетти,
Аргабыз жалгыз үмүт үзүү эми.
Күбө да, айрылууга Ошол кечи,
Кайгырба, капаланба жүрөк ээси.
Бейтааныш адамдардан эмес бирок,
Дос болуп ыр дүйнөдө жүрөм дечи.
Белгисиз бул абалдын жакшыраары,
Адашып көп үмүттөр, калды баары.
Сен мени, а мен сени эстебого
Жан эркем айтчы бизде арга барбы
Жабыркап турган менен жан дүйнөбүз,
Жан эркем унутуга айла тапчы