Кечээ Зере, бүгүн эми Айгерим.
Эртең балким, чыгып калат Айпериң.
Оо кыргызым, деги уят болбогон.
Айтчы мага, айтчы калды кай жериң?!
Бири чыгат, сөзүн оңдоп Гимндин.
Бири чыгат, терсин айтып илимдин.
Башкасыны билбеймин го кыргызым.
Жамандыка, болушунча кириндиң.
Бири чыгат, кызың жоолук салбасын.
Биз эркинбиз, жолун өзү тандасын.
Анан тиги жылаңачты көргөндө.
Көтөрүлүп кетет экен кан басым.
Бири чыгат, адам эмес молдо деп.
Жылаңач жүр, өнүгүүнү колдо деп.
Кийим кийсе, караңгылык болобу?
Баратабыз , биз өнүгүү жолдо деп.
Баары бүтсө, Кайрат чыгат итеңдеп.
Мен эркинмин, баарын өзүм билем деп.
Урпактарды кайсы жолго баштайбыз?
Көкүрөктө ойлор жүрөт күмөн тек.
Акыр күнү чыкпай калды жакшы