Тамырчы Дүйшөнбек Чомоев:
Кант диабетин кантип айыктырса болот?
Кант диабетин биротоло айыктыруу абдан кыйын. Таза айыктыра албасам дагы учурунда жардам бере алам. Мээни сергитип, боорду, уйку бездин, өттүн иштешин мен негиздеген 7-режим менен жакшыртуу керек. Кант диабети күчөп кеткенде алгынын тамыры, чалкан, чатыраш, бөрү карагаттын тамыры, мөмөсү, уулжандын жардамы менен канттуулукту төмөндөтүп турса болот. Эскерте кетчү жагдай мен кант диабети менен ооруйм деп жогоруда аты аталган чөптөрдү дайыма эле иче берүүгө болбойт. Тынчсызданып, нервденип турган учурда гана 5-10 күн ичип, кайра 10-15 күн эс алып туруу зарыл.
Чалкан канды кургатат. Кант диабетинде кан өтө суюлуп, курамы бузулуп