"Жалт " эткен жүрөк жалы жылуулайт,
Кээде мыкчып,ачуу сөзгө бир уулайт.
Токтобосун,тык тык эткен соккулар,
Кайра мындай, сонун өмүр туулбайт!
Жаратканым учсам көңүл кызуудай,
Миң жалынсам,болбос сөзүм курулай.
Ырахаттуу, ушул сонун заманда,
Баш оонатпай, сөөмөй менен туурулай!
Тамчы менен сепкилесем мээримим,
Жакшылыкты биз тарапка буруп ай.
Күлмүңдөгөн күнүм айым заматта,
Жүз жашырбай,ЖЕР ЭНЕМЕ бурул ай!
Көксөбөсүн көктөй тунук көңүлдөр,
Өксүбөсүн күлгүн жашың өмүрлөр.
Жол берилбейт капалыкка баш ийбей,
Башпаанек тап, жан дүйнөңдө бөлмөңдөн!!
(Айганыш)