«Сенче сүйбөгөм» дечи
Дагы кайталачы,
«Эч кимди сенче
сүйбөгөм» дечи.
Убада берчи,
«Эч кимди сенче
өбө албайм» дечи.
Шыбырачы,
Балдай сөзүң аябачы.
Угузбай айтчы,
«Эч кимди сенче
сагынбагам» дечи.
Кучагыма келчи,
Жылмайчы,
«Эч качан сенче
сүйбөгөм» дечи.
Жалын сүйүү берчи,
Дагы, дагы
Сүйчү, жалындап сүйчү.
Өчпөчү,
Өрт болуп күйчү.
Кайталап улам,
«Эч кимди сенче
сүйбөгөм» дечи.
Жансынчы,
Сүйүүбүз жансынчы,
Өмүр бою сакталып
Түбөлүк калсынчы!