АСЫЛ ПАЙГАМБАРЫМ
Балчык сууга солокоту тушсо да,
Асмандагы айдын баркы жоголбойт.
Кара тутун канча бийик учса да,
Кадыры жок, булут болуп онолбойт.
Эчендеген отсо дагы замандар,
Пайгамбарым туболукко макталат.
Тил тийгизип, жамандаган адамдар,
Акмак болуп тарыхтарда сакталат.
Бут ааламга келген улуу пайгамбар,
Жараткандын эн суйуктуу пендеси.
Сындаса да кээ бир алсыз адамдар,
Бул дуйнодо чыкбас анын тендеши.
Сыдыков Касым