Андап калып сыналгыдан суротун,
Ардагердин балам суроо салбаспы...
"Ар жыл сайын азайышып баратат ,
Ветерандар тугонушуп калбайбы???
Бул суроого так жооп бере албадым...
Бир кездерде ушул кары аталар,
Бир кездерде ушул алсыз апалар.
Биргелешип кан майданга аттанган,
Каардуу, кандуу, куйгон согуш башталган.
.
Бир кездерде тал чыбыктай жаш болгон,
Буралышып бул жашоого мас болгон.
Бирге кеткен катарлары бузулуп,
Бирге кайра кайтпай калган жаш бойдон.
Курошушкон торолсун деп сен учун,
Кармашышкан тынчтык учун, эл учун,
Кан тогулуп, жер астында калышкан,
Кашык канын аянбастан жер учун.
Ошондогу жапжаш, гулгун аталар,
Ойлон, уулум, сен сураган ветеран.
Ошондогу солкулдаган жаш сулуу,
О
АПАКЕ
Сен бар учун бактылуумун , күлөмүн,
Сен бар учун куштай эркин жүрөмүн.
Сен бар үчүн аалам бүтүн, жер бүтүн,
Сен бар учун бакыт болду түнөгүм.
Апакебай, башымдагы бактымсың,
Аска зоомсун, тирегимсиң, тактымсың,
Аппак жүзүң бырыш басып баратат,
Ак аралап саамайлары чачыңдын..
Бала сезем мен өзүмдү жаныңда,
Баягыдай жолум тосуп, камынба.
Барам өзүм , убарага жол койбойм,
Бейишимсиң, алтын апам, сагынба.
Бейиш сенин таманындын алдыңда.
Автор: Назгүл Кантороева.
КАЙНЕНЕМЕ ГУЛДЕСТЕ
Мезгил , мезгил, алптыгыңда талаш жок,
Камчылана тездетесиң жүрүштү..
Шамал менен жарыштыра азгырып,
Чачтарыма байлап өттуң күмүштү....
Эскиргенде кайра куруп жаңысын,
Тандыр менен кошо мен да карыдым.
Ак жоолукчан, ак көйнөгү көйкөлгөн,
Элес калган эски очокту сагындым...
Төрдө олтурчу шекер сөзү төгүлүп,
Ар бир иши чоң сабырдын түбү эле.
Берекеси, куту эле үйүмдүн,
Кайын энем - асманымдын күнү эле.
Жүргөн экем , эч нерседен бейкапар,
Өтөп коюп кызматымды келиндик.
Карааныңдан кагылайын энеке,
Келин эмес, кыздай бердиң жеңилдик..
Кечээ түнү кирдиң , эне, түшүмө,
Көөнүң толо, мага карап күлөсүз..
Кыйналганда , ыйлаганда турмушта,
Жол көрсөтүп түштөрүмө