Ардагердин балам суроо салбаспы...
"Ар жыл сайын азайышып баратат ,
Ветерандар тугонушуп калбайбы???
Бул суроого так жооп бере албадым...
Бир кездерде ушул кары аталар,
Бир кездерде ушул алсыз апалар.
Биргелешип кан майданга аттанган,
Каардуу, кандуу, куйгон согуш башталган.
.
Бир кездерде тал чыбыктай жаш болгон,
Буралышып бул жашоого мас болгон.
Бирге кеткен катарлары бузулуп,
Бирге кайра кайтпай калган жаш бойдон.
Курошушкон торолсун деп сен учун,
Кармашышкан тынчтык учун, эл учун,
Кан тогулуп, жер астында калышкан,
Кашык канын аянбастан жер учун.
Ошондогу жапжаш, гулгун аталар,
Ойлон, уулум, сен сураган ветеран.
Ошондогу солкулдаган жаш сулуу,
Орттон коркпой, ок талааны кече алган.
Туура айтасын , жылдан жылга азайып,
Токтобостон мезгил отуп баратат.
Тугонсо да аталардын катары .....
Тушун , уулум, журоктордо сакталат.
Бугункудой тан апакай атсын деп..
Кечээкидей кун батышка батсын деп.
Ардагерлер тартуу кылган омурун..
Сени, мени бейкут уктап жатсын деп..
Ардагерлерге данк...таазим!!!!!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев