Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Кадырова Гүлзар: “Баланы тирүүлөй жоготкон жаман экен...”
Эки жумадан бери Кара-Көл шаарынын кичинекей тургуну Жанапилов Бекзаттын жоголгондугу тууралуу маалыматты социалдык тармактардан сиз да окугандырсыз. Бала бир нерсе болсо, баарынан да энеге кыйын болору талашсыз. Учурда Бекзатты уктабай күтүп жаткан эненин күйүтүн уктук.
“Балам жоголор күнү тамагымды карабай эшикке чыгып кеткен”
– Биз Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында турабыз. Үч балабыз бар. Тун кызымдан кийин алты жаштагы эгиз балдарым бар эле. Эгиздеримдин бири уул, бири кыз. Уулум Бекзаттын жоголгонуна бүгүн он беш күн болду. Уулум жоголуп кетер алдында манты жегиси келгенин айтканынан, манты жасагам. Жолдошум Токтогулга