Алтындан ардактуу, кумуштон салмактуу энелер, эжелер, карындаштар сиздерди 8-март - Аялдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Жаздын жарчысы болуп келип, таңкы желаргыдай көңүл сергиткен бул касиеттүү күн аялзатынын бактысына жазылган. Ар дайым назиктиктин, сулуулуктун символу болуп, балдарын мээримге бөлөп, бөпөлөп өстүргөн энелерге, үй-бүлөнүн очогун өчүрбөй сактап да, жаны тынбай эмгектенген аялдарга канча таазим кылсак да аздык кылат.
Тарыхыбызга коз чаптырсак далай кыйынчылыктар менен жокчулуктардын азабын тартса да, улут тукумун улап, жарыкчылыкка балдарды жаратып жана эресеге жеткирип келген апаларыбызга өзгөчө урмат жана даңк!
Өлкөбүздө азыркы тынчтыктын жана ынтыма